super.kg logo

Москвада канализацияга агып каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

 
Москва шаарынын Люблино районунда суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.
"Элчиликтин кызматкери каза болгон балдардын жакындары менен байланышта жана иш берүүчү менен жолугуп, алардын укуктарын коргоо, анын ичинде компенсация төлөтүп берүү боюнча иштерди жүргүздү. Маркумдардын сөөгү мекенге жөнөтүлдү", - деп билдиришти элчиликтен.
7-августта Москва шаарынын Люблино аймагында суу түтүгүн тазалап жаткан 13 адамды суу агызып кеткен. Анын бешөө өз алдынча чыгып, беш кишини куткаруучулар алып чыккан жана дагы үч адам дайынсыз жоголгон.

Кийинчерээк жоголгон үч адамдын жансыз денеси табылган. Алардын экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон. Кийинчерээк каза болгон Кыргыз жараны 20 жана 23 жаштагы жигиттер экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: