super.kg logo

"Тазалыктын" кызматкерлеринин айлык маянасы көбөйөт

 

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын катуу таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көбөйттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарланды.

Маалыматка ылайык, акыркы айда эмгек акы 2000 сомго көбөйтүлгөн.

"Бул акча 15-августта 127 ташуучуга чегерилет. Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо" деп жазылат маалыматта.

Учурда борбордо 48 атайын техника иштеп жатат. Ошондой эле шаарда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн кошумча жерлер аныкталды. Буга байланыштуу кошумча 60 даана контейнер сатып алуу пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: