super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга туш ачып берди. "Ит арка" дегендин мааниси кандай?

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "Кан буугандай", "Ит арка" жана "Моюн толгоо" фразеологизмдерин чечмелеп көрдүк. Бул жолу аталган фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп, чемелеп өттү.

Кан буугандай
- Тып эле, дароо эле, ошол замат, арыдан-бери деген мааниде.

Мисалы, Карым-катыштын кан буугандай басылып калышы Суусардын ичин туз куйгандай ачыштырды (Бердикеев). Өзү бүтүм чыгарды, өзү баарын кан буугандай токтотту, бирок Эдигейди ойлободу (Айтматов).

Ит арка - Ынтымагы жок, ыркы жок, бирдиктүү эмес деген мааниде колдонулат.

Мисалы, Ит арка бүлө ооздон сөзүбүздү талашып, душманга туш ачып берди (Өгөбаев). Бирин-бири жактырбаган ит арка, тим эле ит менен мышыктай ыркырашкан немелер экен (Бердикеев).

Моюн толгоо - Тил албоо, кежирлик кылып бир нерседен баш тартуу, аткаргысы келбөө.

Мисалы, Сагын моюн толгоп койгону менен бүгүн кузгундан эрте турду (Осмоналиев). Алар тиги Кары тукумдарын, андагы Чоңор Баатырын бел тутуп, моюн толгошуп жатышат го (Көчкөнов).


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: