Бишкекте бүгүн, СССРдин Эл артисти Б.Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата чыгармачыл кече өтөт
Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында бүгүн, 4-декабрда СССРдин Эл артисти Бакен Кыдыкееванын 90 жылдыгына карата чыгармачыл кече өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын алкагында Бакен Кыдыкееванын жашоосу тууралуу тартылган М.Мамбетовдун “Таазим” аттуу даректүү тасмасы көрсөтүлүп, “Талант жана тагдыр” аталышындагы спектакль көрсөтүлөт. Чыгармачыл кечеге вице-премьер-министр Камила Талиева, маданият министри Султан Раев, Бакен Кыдыкееванын жакындары жана искусство чеберлери катышат.
Бүгүн күндүн биринчи жарымында “Ала-Арча” көрүстөнүндө марш-реквием болуп өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

