super.kg logo

Министр Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына караганда, Ниязбеков Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдөгү ички иштер органдарынын ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

"Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз", - деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле ал өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин тастыктады.

Элчи Ду Дэвэнь Кытай жарандарынын элчиликке кайрылууларынын санынын азайгандыгы боюнча оң тенденция бар экенин, бул ички иштер органдарынын жакшы координацияланган ишинин натыйжасы экенин белгиледи. Ошондой эле кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө пикир алмашуу болуп, тиешелүү маселелер талкууланды. Ошондой эле кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: