super.kg logo

Министр Алмазбек Бейшеналиев №61 мектептин директору Юрий Низовскийдин кармалышы боюнча үн катты

 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев журналист Майраш Базлакунова менен болгон маегинде Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский тууралуу суроого жооп берди.

"УКМК жүргүзгөн иш-чара болду. Бул тууралуу мен дагы интернет айдыңында тааныштым. Коррупция көйгөйү мектептерде бар. Бул көйгөйдү комплекстүү чечүүнүн бир механизми катары мектеп директорлук кызматына конкурс өткөрүп жатабыз.

Анткени узак мөөнөттө бир кызматта орун ээлеп отуруу коррупциялык көрүнүштөргө жол ачышы мүмкүн. Андыктан мектеп директорлору беш жылда бир сынактан өтүп турсун, ротация болсун деген ниет менен ушундай механизм киргизип жатабыз", - деди Бейшеналиев.

Белгилесек, Юрий Низовский коррупциялык схемага шектелип кармалган. Ал эми кечээ Биринчи Май райондук соту Низовскийди 16-сентябрга чейин үй камагына чыгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: