super.kg logo

Юрий Низовскийдин кармалышы: УКМК Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга чакырды

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан Бишкектеги №61 физика-математикалык мектеп-лицейинин директору Юрий Низовскийдин тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.

Бирок ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

"Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалы эске алынып, баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге мыйзам талаптарына ылайык, УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз", - деп билдирди УКМК.

Белгилесек, Юрий Низовский коррупциялык схемага шектелип кармалган. Ал эми кечээ Биринчи Май райондук соту Низовскийди 16-сентябрга чейин үй камагына чыгарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: