super.kg logo

Военно-Антоновкада балдар үйүндө каза болгон өспүрүм: Өндүрүш иши кайра башталат

 

Бишкек шаардык соту 8-августта Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин токтотулушун мыйзамдуу эмес деп тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Кубанычбек Туманов билдирди.

“Буга чейин тергөөчү балдар үйүнүн тарбиялануучусу И.Якуниндин өлүмү боюнча ишти кылмыш курамынын жоктугунан улам кыскарткан. Тергөөчүнүн ишти кыскартуу боюнча чечимине даттануу менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылгам.

Бишкек шаардык соту 8-августта кылмыш ишинин токтотулушун мыйзамдуу эмес деп тапты. Мындан улам эми кайра сотко чейинки өндүрүш башталат”,- деди жактоочу.

Военно-Антоновка айылындагы жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланган интернатта тарбияланып жаткан 12 жаштагы Игорь Якунин былтыр 1-июнда каза болгон. Бул ишти Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: