super.kg logo

Екатеринбургда Кыргыз жараны 7 жашар баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылганы айтылды

 

Орусиянын Екатеринбург шаарында Н.А. аттуу Кыргыз жараны 7 жашар уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, ал органдарды трансплантациялоо жана балдарды сатуу боюнча интернеттеги баракчаларга катталган.

URA.RU баракчасы аялдын жарыясын таап алган. Анда төмөнкүдөй жазылган.

"Кутман күн. Балама жакшы үй-бүлө издейм. Эркек бала, 7 жашта. Жоош, жакшы бала", - деп жазган ал.

Келиндин жазганына караганда, жаңы жолдошу уулу менен чогуу жашаганга каршы болгон. Мындан улам баласын сатып, карыздарынан кутулууну көздөгөн. Келин уулун 300 миң рублга сатууну каалаган. Сатуу үчүн келгенде күч органдары келинди дароо кармашкан.

Учурда бала коопсуз жайда экени айтылат. Укук коргоо органдары тарабынан 36 жаштагы келинге Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин негизинде (жашы жете элек баланы сатуу) кылмыш иши козголду. Ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылды.

Ошондой эле бул үй-бүлө 2 бөлмөлүү батирде жашап келишкен, жаңы үй куруп жатышкан. Материалдык жактан муктаж эмес болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: