super.kg logo
  Саясат  

Ош шаарынын мэрин колдоого Ноокат районунан аксакалдар келишти

 

Бүгүн, 4-декабрда  Ноокат районунун аксакалдары 2-декабрда өткөн митингге байланыштуу Ош шаарынын мэрин колдоого келишти. Мелис Мырзакматов келген аксакалдарды кабыл алып, алардын айткандарына назар салды. 

“Сиздердин келип, мага колдоо көрсөткөнүңүздөр мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Сиздерге рахмат, кымбаттуу аксакалдар. Сиздердин колдооңуздар мага өзгөчө дем-күч берип, Ош шаарынын жана Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылуумду күчөттү”,- деди Мелисбек Мырзакматов өз сөзүндө. 

Ноокат районунан келген аксакалдар: “Биз гезиттерди окуп,  сыналгы көрүп жатып Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына тынчсызданып турабыз. Аны президент кылып эл шайлаган, келечекти ишенип тапшырган, эл үчүн иштеп, коррупцияга каршы күрөшүүдө бирдиктүү саясат жүргүзсүн”,- дешти бир ооздон.

Мындан сырткары аксакалдар башка саясатчылардын Ош шаарынын мэринин жетишкен ийгиликтерин жакшы кабылдабай жатышканын маалымдашты. “Кыргызда алгылыктуу, көзгө көрүнөрлүк  иш алып барган, өзүн ар тараптан мыкты көрсөткөн адамдарды буттан чалмай адаты бар. Биз райондон келип, күлгө айланган шаардын гүлгө айланганын көрүп суктанып турабыз” деп кошумчалашкан. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: