Бишкектеги троллейбустардын линиялары жаңыланды
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы борбор калаадагы эскирген троллейбус линияларын алмаштырууну аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Линиялар төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлдү:
- Карл-Маркс жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен Донецк көчөсүнө чейин;
- Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Москва жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинен Манас кең көчөсүнө чейин;
- Киев көчөсүнөн Логвиненко жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин.
Троллейбус линияларын алмаштыруу иштеринде ишкананын энерго чарба бөлүмүнүн 12 кызматкери иштеди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.