Нарындагы митинг: Президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымат таратты
Бүгүн, 12-августта Нарын районунун Орток айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын айылынын 60ка жакын тургуну митингге чыгышты. Алар “Чырпыкты” тилкесинен алтын кенин өндүрүүгө лицензиясы бар “Голд Контент” ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө жана компаниянын техникалары менен шаймандарын алып келүүсүнө каршы экенин билдиришти.
Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Нарын шаарынын борбордук аянтына чогулган тургундардын талаптарын президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо, коопсуздук сактоо органдарынын жетекчилери угушту.
"Ыйгарым укуктуу өкүл Эргешов “Чырпыкты” тилкесиндеги кырдаал боюнча жеринде барып абал менен таанышаарын жана мыйзам менен иш алып барылаарын билдирди", - дешти мекемеден.
Ошондой эле өкүлчүлүктөн митингде “Чырпыкты” аймагындагы бар “Голд Контент” компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө гана маселе көтөрүлгөнүн кошумчалашты.

