super.kg logo

"Өзүңөрдү ошол энелердин ордуна коюп көрсөңөр...". Анжелика Султанбековдун билдирүүсүнө жооп берди

 

Ырчы Анжелика "Социал-демократтар" саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун Фейсбукта жазган билдирүүсүнө жооп кайтарды.

"Сеид Атамбаевди сабырдуулукка чакырып, жооп берип бүтө элегимде дагы бир "мырза" диалогго кошулуптур менин акыл деңгээлиме асылып. "Чириген ооздон ириген сөз чыгат" дегендей, салыштыруулары да укмуш. Дагы бир жолу айтым: Мен Атамбаевдин үйүн эмес, мамлекеттин менчигине өткөн имарат тууралуу кеп кылдым. Мага 500гө жакын ата-эненин атынан кайрылган энелердин өтүнүчүн жоопсуз калтыра албай, президентибизге ошол энелердин үнүн жеткирип коюу масатында кайрылдым. Өз муктаждыгыма сураган жокмун, урматтуу "мырзалар". Өзүңөрдү ошол энелердин ордуна коюп көрсөңөр, мынчалык пастыкка барбайт элеңер деп ойлом", - деп жазган ырчы айым.

Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Анжелика президент Садыр Жапаровго Атамбаевдин үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүүнү суранып, кайрылуу жолдогон.

Андан кийин анын кайрылуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Кой-Таштагы үйүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берүү боюнча өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: