super.kg logo

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Конституциянын айрым беренелерин ишке ашыруу, ошондой эле банк иштери чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү жана системалаштыруу, ички карама-каршылыктарды жоюу жана банк мыйзамдарындагы боштуктарды толтуруу болуп саналат.

Мыйзам банк иштерин жүзөгө ашыруудагы маселелерди, банктарды түзүү, реструктуризациялоо, жоюунун тартибин, ошондой эле банктык сырды камтыган маалыматты берүү тартибин жөнгө салат.

Мындан тышкары мыйзам менен банктык көзөмөлдү, аудитти жүргүзүүнүн, банкты финансылык жактан чыңдоонун, банктарга колдонула турган таасир этүүчү чаралардын укуктук негиздерин аныктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: