super.kg logo

Акылбек Жапаров "Бишкек Сити" борборунун курулуш долбоору менен таанышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги бир катар социалдык объектилердин курулуш долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын болуп өттү. Анда Бишкектин жанындагы 7 миң орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталганы айтылат.

Мындан тышкары борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралган.

Акылбек Жапаров тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырып, мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды бергендиги маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: