super.kg logo

Кыргызстан менен Азербайжан кызматташуунун беш жылдык программасын даярдайт

 

Баку шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жана Азербайжан Республикасынын премьер-министринин орун басары Али Ахмедовдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-кеңешмеси өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, транспорт-логистикалык тармактарда, айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында, ошондой эле эмгек, социалдык жана миграция тармактарындагы кызматташууга тийиштүү маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүү үчүн эки тараптуу сооданын көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү тийиштүү чараларды көрүү зарыл.

Али Ахмедов өз кезегинде азербайжан тараптын Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, 2023-жылы Кыргызстанда өтүүчү Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына карата Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн беш жылдык комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: