super.kg logo

Кыргызстандык жазуучунун англис тилиндеги китеби Лондондо жарык көрдү

 

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, котормочу жана журналист Наргиса Карасартованын англис тилинде «Leah and Aya The Sewing Doll» (Лия жана кол өнөрчү Айя) аталышындагы китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу "Евразиялык чыгармачыл гильдиясы" уюмунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, китеп Лондондо «Hertfordshire-Press» басмаканасы тарабынан жарык көргөн.

Иш-чара 10-августта өтүп, ага Улуу Британиядагы "Hertfordshire Press" басма үйүнүн жетекчиси Марат (Марк) Ахмеджанов, коомдук ишмерлер, "Евразиялык чыгармачыл гильдиясы" уюмунун өкүлдөрү катышты.

Бет ачар аземинде Наргиса Карасартова Улуу Британиядагы абройлуу басмаканадан китебин басып чыгарган биринчи кыргызстандык экени айтылды. Ошондой эле анын китеби учурда дүйнө жүзүндөгү балдарга жеткиликтүү экени кошумчаланды.

Буга чейин Наргиса Карасартова “Ачык Евразия – 2022” сынагына катышып, “Публицистика” категориясында биринчи орунду жеңген. Ошол сынактан алган 5 миң долларга китеп басылып чыкты.

«Leah and Aya The Sewing Doll» - бул жомоктордун топтому жаш балдарга, башталгыч класстын окуучуларына арналган. Китеп балдарга туура тарбия берүүгө, кечиримдүү болууга үйрөтөт жана дүйнөнү жакшы көз караш менен кабыл алууга, эртели-кеч жакшылыктын болоруна ишендирет.

Hertfordshire Press - британиялык басылма. 2002-жылдан бери Евразия чөлкөмүнүн авторлорунун заманбап көркөм жана илимий-популярдуу адабияттарын англис тилинде жана улуттук тилдерде да чыгарып келет. Мындан тышкары басма үйү учурда англис тилинде жок болгон эмгектерди кайра басып чыгарууга басым жасайт. Басылма өз тарыхында 200дөн ашык китеп чыгарган.

Eurasian Creative Guild (London) "Евразиялык чыгармачыл гильдиясы" уюму - коммерциялык эмес коомдук уюм. Ал 2015-жылы Лондондо Евразия чөлкөмүнүн маданият жана искусство ишмерлерин англис тилдүү мейкиндикте бириктирүү максатында түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: