Түрксой эл аралык уюму «Еңлик Кебек» спектаклинин коюучуларын сыйлады
Түрксой эл аралык уюму «Еңлик Кебек» спектаклинин коюучуларын Мухтар Ауэзовдун Алтын медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, казак жана дүйнөлүк адабият классиги, 20-кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун "Еңгилик-Кебек" спектаклин сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуркан Турсунбаев;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, режиссёр-коюучу Назым Мендебаиров;
- Актёр Эржан Осмонов;
- Актриса Гүлнара Сатарова;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жипариса Көчөрбаева Мухтар Ауэзовдун Алтын медалы менен сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.