Таласта мектеп директорлоруна талапкерлердин 24ү тестирлөөдөн өттү
Билим берүү жана илим министрлигинен Талас облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө 17-августта өткөрүлгөнүн маалымдашты.
"Тестирлөөгө облус боюнча 75 талапкер катышты. Жыйынтыгында 24 талапкер босого баллдан жана андан жогору упай топтоду.
Жалпы 113 жаран документин жиберип, анын 37си документтерин толук тапшырбагандыктан тестке катышуу укугу берилген эмес. Ал эми бир талапкер тестирлөөгө келген жок", - деп билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, сынак Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан уюштурулууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.