super.kg logo

Акыйкатчы Дөө Чыңгыздын өлтүрүлгөндүгү боюнча ички иликтөөнүн жүрүшүн талап кылды

 

Акыйкатчы институту Чыңгыз Жумагуловдун №21 тергөө изоляторунда өлтүрүлгөндүгү боюнча ички иликтөөнүн жүрүшүн талап кылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмыш чөйрөсүндө Дөө Чыңгыз каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 мекеменин камерасында киши колдуу болуп көз жумганы боюнча маалымат коомчулукка чыгар замат Акыйкатчы аппараты Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө алып келген тергөө изоляторундагы окуя тууралуу маалымат берүү суроо-талабын жөнөткөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинде Чыңгыз Жумагулов менен бир камерада ар кандай айыптоолор менен ар башка адамдар отурганы, денесиндеги бычактан сайылган жарааттан улам каза болгону маалымдалган.

Ал эми тыюу салынган буюм (бычак) кантип соттолуучунун колунда болуп калганы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканы жана камерада соттун өкүмү күчүнө кире элек соттолгондор отурганы айтылган.

Акыйкатчы институту өлкөдө бардык адамдар мыйзам алдында бирдей жана эч кандай басмырлоосуз мыйзамдын бирдей корголушуна укуктуу экенин, буга байланыштуу ар кандай түрдөгү дискриминацияга, мыйзам тарабынан тыюу салынууга тийиштигин жана мыйзам бардык адамдарга расасы, өңү, жынысы, тили, дини, улуттук же социалдык теги, мүлктүк абалы, саясий же башка көз караштарына карабастан дискриминациядан бирдей жана натыйжалуу коргоону кепилденерин эске алат. Ошондой эле аталган окуя боюнча тергөө ишинен сырткары бул мекемедеги кызмат адамдары өзүнүн милдеттерин так аткарбай, шалаакылык кылган жоопкерчиликсиз мамилесине кызматтык баа берүү максатында мындай окуялар кайталанбаш үчүн ички иликтөө милдеттүү түрдө жүрүшүн талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: