super.kg logo

"Эң аз айлыгы 3 миң доллар болот". ӨКМ учкучтарды кызматка чакырат

 

Белгилүү болгондой, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак жана 34 даана атайын техникаларды тапшырган.

Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов түз эфир маалында учкучтарды кызматка чакырды.

Ал белгилегендей, өлкөдө учкучтарды даярдоо боюнча мекеме дээрлик жокко эсе. Мурунку Советтер союзу мезгилинде, азыркы биздин шериктеш өлкөлөрдүн алкагында даярдалып келген адистер бар.

"Бүгүнкү күндө учкучтарды чакыруу иштерин жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандын же башка өлкөнүн жараны болсо, көрсөтүлгөн класстагы тик учакта учканды билсе, аларды кызматыбызга чакырабыз.

Тик учактарга учкучтарды мурда деле даярдап келгенбиз, бирок алардын квалификациясын жогорулатуу максатында учкучтарды чакыруу иштери жүрүп жатат. Бизде учкучтардын эң аз айлыгы 3 миң доллар болот", - дейт Урмат Шамырканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: