super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен төрт жашар Аишаны издөө иши эмне үчүн токтотулганын түшүндүрүштү

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар Аиша Мурдинованын сөөгүн табуу үчүн бардык иш-аракеттерди көрүштү. Бул тууралуу министрдин орун басары Урмат Шамырканов билдирди.

Ал кызды издөө иштери 24 күнгө созулганына байланыштуу токтотулганын жана тик учак менен издөө натыйжасыз экенин айтты.

"Албетте, биз үчүн бул иш чоң кайгы. Ал эми тик учак менен издөө жөн гана акчаны курулай коротуу, натыйжасыз. Биз талап кылынган иштердин баарын жасадык. Чырпыктыдан Балыкчыга чейин 18 метр аралыкты сканерлеп өттүк. Тилекке каршы, табылган жок. Учурда да аналитиктерибиз анализ жүргүзүп жатышат. Эгерде кандайдыр бир шектенүүчү нерсе тапсак, кошумча суучулдарды чыгарып, ал жерди каратууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - дейт ал.

Ал эми изделип жаткан Аишанын атасы ӨКМнын кызматкерлери издөө иштерин токтоткондон кийин коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Эске салсак, 18-июлда 4 адамдан турган балалуу үй-бүлө көл жээкте эс алып жаткан кезде шамал болуп, көл бешөөнү тең баллондору менен кошо жээктен алыс тартып кеткен. Аларды кайыктагы жергиликтүү тургундар таап алышкан. Бирок 4 жаштагы кызды таппай калышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: