Өлкөдө канча пенсионер бар экендиги айтылды
Бүгүнкү күндө өлкөдө 730 миңдин тегерегинде пенсионерлер бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Социалдык фонддун коомчулук жана ЖМК менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов түз эфирде айтты.
Анын айтымында, бул калктын 10 пайызын түзөт. Алар 1997-жылдын 1-октябрынан тарта "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдын нормаларына ылайык пенсия алышат.
Белгилей кетсек, өлкөдө учурдагы система боюнча пенсияга жаш курагы боюнча эркектер 63, аялдар 58 жашта чыгат. Пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомду түзөт. Толук базалык бөлүктү алышы үчүн эркектерге 25 жыл, аялдарга 20 жылдык стажы талап кылынат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.