super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министри ЖККУга мүчө мамлекеттердин координациялык кеңешине катышты

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баштаган делегация Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин XIII жыйынына катышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-19-август күндөрү координациялык кеңештин жыйынына Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана ЖККУнун катчылыгынын өзгөчө ведомстволорунун жетекчилиги жана өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин иши жөнүндө маселелер талкууланды жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюудагы ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-чаралардын 2022-2023-жылга карата планын ишке ашыруу боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле ЖККУнун мүчө мамлекеттеринин өзгөчө агенттиктери тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышына жана токой өрттөрүнө каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш чаралар боюнча маселелер талкууланды. Жыйындын соңунда Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңештин жыйынтыктоочу документине кол коюлду.

Белгилей кетсек, ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңеши жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимди уюштуруунун көмөкчү органы болуп саналат. Координациялык кеңеш жөнүндө жобого ылайык ЖККУнун мүчө мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери анын мүчөлөрү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: