Ошто мас болуп чыр салган милиция кызматкерине 500 миң сом айып салынды
Ош шаардык соту мас абалында көчөдө чыр салган милиция кызматкерине 500 миң сом айып салды. Бул туурасында шаардык соттун чечиминде айтылат.
“Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ал боюнча 500 миң сом айыпка кириптер кылынсын", - деп жазылат анда.
Андан тышкары, мамлекеттин пайдасына 2500 сом процесстик чыгымды төлөөгө милдеттендирген.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында көчөдө мастыгынан улам баса албай калган милиция кызматкеринин жай тургундар менен урушуп жаткан видеосу тараган. Кийин ал милициянын кадыр-баркына доо кетирип, кызматтык жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кызматтан алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
14

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.