super.kg logo

"Колун кайрып, жерге жаткырып". Курал-жарактарды мыйзамсыз сактаган делген ишкерди кармаган учурдун видеосу тарады

 

Социалдык тармактарда курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактаган делип шектелип жаткан ишкер Журат Абдуллаев кармалган учур тартылган видео тарады.

Анда спецназдын жоокерлери ишкерди жерге жаткырып, колуна кишен салып жатканын көрүүгө болот. Ал учурда Журат Абдуллаев жумуштан келе жатканын айтып, эмне үчүн ага мындай кылышканын сурайт.

Эске салсак, ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаган делип “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган 1970-жылы туулган А.Ж.Т. (Журат Абдуллаев) аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын иштеген жана жашаган жери боюнча жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө 7,62 калибриндеги 1 даана “Калашников” автоматы менен "БРДМ 2" (брондолгон чалгындоо жана патрулдук унаа) атайын техникасы, ошондой эле жүгүртүүгө тыюу салынган көп сандагы ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы), жылмакай (мылтык) жана ар кандай калибрдеги травматикалык куралдар табылганы айтылган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кылмышка шектүү катары кармалган жарандардын үстүнөн тергөө жана тиешелүү экспертизаларды дайындоо ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






Видео: Интернеттен алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: