Орусиядагы жол кырсык: Ооруканага жаткырылган үч адам Кыргыз жарандары
Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган үч адам Кыргыз жарандары. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тастыктады.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары: эки эркек, бир аял киши - учурда алардын абалы белгисиз.
Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны.
Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.
Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

9:38
2025-07-13

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.