"Үмүт жана Ко" ишканасынын жетекчиси эки айга камалды
Ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөн деген шек менен кармалган "Үмүт жана Ко" ишканасынын жетекчиси УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соттун 20-августтагы чечими менен Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин камакта калтырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган жаран шектелип кармалганы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.