super.kg logo

Айгүл Жапарова: "Аял үйдө бактылуу болсо, балдар да бактылуу болот"

 

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Доорду өзгөрткөн аял лидерлиги" аттуу форумда биринчи айым Айгүл Жапарова сөз сүйлөп, аялдардын үй-бүлөдөгү, коомдогу ролу жөнүндө пикирин билдирди.

"Айымдар ар дайым позитив менен жашашыбыз керек. Баары жакшы болот деген ишеним баарынан өйдө болушу зарыл. Анткени биз аялбыз. Аял үйдө бактылуу болсо, балдар дагы бактылуу болот деп ишенем.

Бизде, Кыргызстанда көп көйгөйлөр бар. Бирок алардын баарынын чечүү жолдору болушу керек. Аны табышыбыз зарыл. Кыргызстан аялдары жөнүндө айтсак сөз көп", - деди Жапарова.

Ошондой эле ал көрүнүктүү мамлекеттик саясий, коомдук ишмер Батыш Салиева тууралуу кеп кылды.

"Батыш Салиева лидер айымдардын бири болгон. Аялдардын көйгөйүн көтөрүп келген", - деди ал.

Мындан тышкары биринчи айым кыздардын билим алуусуна көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, билим аркылуу коомдогу кыздардын ролун көтөрүү керектигин кошумчалады.

Форумга министрлер кабинетинин орун басары Эдил Байсалов, эск-президент Роза Отунбаева, БУУнун Кыргызстандагы системасынын туруктуу өкүлү Антье Граве жана коомдук ишмерлер, активисттер катышууда.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, БУУнун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарованын "Эне балага - тирек" коомдук фонду менен биргеликте Бириккен улуттар уюмунун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен уюштурулууда.





видео

видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: