super.kg logo

"100 миң доллар зыян келтирген". Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын тургуну чала тааныш бала ишеничине кирип, 32 миң доллар акча каражатын, Лексус-470 үлгүсүндөгү жол тандабасын жана башка унааларын өзүнө ыйгарып алганын, жалпысынан 100 миң доллар өлчөмүндөгү материалдык зыян келтиргенин айтып арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаарынын 27 жаштагы тургуну С.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тургандыгы аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: