super.kg logo

Бишкекте 1 миллион 200 миң сом уурдоого шектүүлөр кармалды (видео)

 

Бишкекте 1 миллион 200 миң сом уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июнда Т.М аттуу жаран милицияга таңкы саат 05:30 чамасында Көк-Жар конушундагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, 1 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткендигин айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган Ч.З жана 1986-жылы туулган К.Н. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн 2,5 грамм апийим табылган. Аталган жарандардын буга чейин да уурулук фактысы боюнча бир нече жолу соттолгондугу айтылат.






Видео: Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: