Ысык-Көлдө эки күндө 82 браконьерлик тор чыгарылды





Ысык-Көлдө эки күндө 82 браконьерлик тор чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 21-22-августта өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 7 200 метрди түзгөн 82 эски жана жаңы браконьерлик торлор, "Казанка - 5М" моторлуу кайыгы алынып, 12 сууда жүрүүчү моторлуу кайык ээлери аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара Ысык-Көлдүн бүткүл акваториясында болуп, ага облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин облустук башкармалыгынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.