super.kg logo

“Кирди-чыкты” кагаз канга боёлуп, келе жатат мигранттын сөөктөрү!". Жол кырсыгынан каза болгон мигранттарга арналган ырлар

 

Кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

SUPER.KG порталы жол кырсыгынан каза болгон мигранттарга арналып жазылган ыр саптарды топтоду.

Кош мекендеш!

Бүгүн дагы ыйлап кыргыз апасы,
Бүгүн дагы мөгдөйт кыргыз атасы!
Бүгүн дагы жетим калып чыркырап,
Бүк түшүүдө мигранттын баласы!

Калды сынып өмүрдөгү кемеси,
Калат эсте маркумдардын элеси!
Кеткен жолго турмуш жүгүн артынып,
Келет өлүү мигранттын денеси!

Кыйындардын аткарылбай сөздөрү,
Кыйналышты кыргыздардын өздөрү.
“Кирди-чыкты” кагаз канга боёлуп,
Келе жатат мигранттын сөөктөрү!!!

Автор: Мирлан Самыйкожо.

Кайран бир боорлорум

Көр оокат деп баратып,
Көрдү көздөй кеттиңер!
Өмүр деген жапжашыл,
Төрдү көрбөй кеттиңер!

Автор: Бердибек Жамгырчиев.

Мигрант мекендешке

Айдалып силер менен айдоо деле,
Чайыбыз да силер менен кайноодо эле,
Мигранттар, тышта жүргөн кечиргиле,
Биз силерди эстейбиз шайлоодо эле.

Күйөөңөр тирүү туруп жесирсиңер,
Атаңар тирүү туруп жетимсиңер,
Эч убакта мекенсиз калбайсыңар,
Өкмөтсүз өссөңөр да, эми силер.

Автор: Каныбек Иманалиев.

Жүрөгүм сыздап турат,
Көңүлүм муздап турат...
Кайрат кыл, кыргыз элим!

Автор: Жеңишбек Жумакадыр.

Мекендешиме

Бир тентектин кабылып мүшкүлүнө,
Билбей түшүп азаптын түпкүрүнө.
Жакшы күндө кайтам деп мекениме,
Жүрсөң керек үмүттүү үшкүрүнө.

Өтмүш бизге сөөмөйүн кезеп жатат,
Өкүнүүлөр көөдөндү көзөп жатат.
Эл кызматын аркалар дагы бир эр,
Эртең сенин жаныңа жөнөп жатат.

Жүрөгүңдү жашыйсың кайгы жарып,
Жүрөм а мен турмушка жай кубанып.
Сен жиберген нан менен жашап жатам,
Сен жиберген акчадан айлык алып.

Тыным албас жансың да жан талашкан.
Тыйыныңды чогултуп нандан ашкан.
Багып жатат бүт элди мекендешим,
Балама деп өлкөгө салган акчаң.

Кайран өмүр камгактай кайып жатат.
Кайран жаштык жат элде калып жатат.
Сага тийчү мындагы ырыскыга,
Саясатчы, шылуундар байып жатат.

Мекендешим, оо менин мекендешим,
Мээнет кылып азыр сен чет элдесиң.

Автор: Улукбек Омокеев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: