Жалал-Абадда массалык мушташ болду (видео)
Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун биринде массалык мушташ болуп, милицияга 10 адам жеткирилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 21-август күнү түнкү саат 03:30 чамасында болгон. Анда милицияга шаардагы райондордун биринде массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери 10 мүнөттүн ичинде барып, эч кимди тапкан эмес.
Издөө иш-чараларынан улам бүгүн, 22-августта мушташка катыштыгы бар делген 10 адам милицияга жеткирилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жалал-Абадда массалык мушташ болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.