super.kg logo

"Тамашоучу" Актилек Айдаров: "Жубайымды башкалар алып кетпесин деп тез эле үйлөнүп алгам"

 
SUPER.KG порталы "тамашоучу" Актилек Айдаров жана жубайы Зыягүл Боронова менен маектешти. "Үй- бүлөмдү эл алдына көп алып чыкпайм, кызымды дагы экранга чыгарбайм" дейт Айдаров.
"Мен эң алгач социалдык тармактар аркылуу кыз издеп баштагам. Ал убакта 4-5 кызга жаздым. Эч ким жооп бербейт. Анан эле Зыягүлгө жазсам, бул кылыктанып 2 күндөн кийин жооп берди. Ошентип таанышып сүйлөшүп жүрдүк, жолуктук, анын ичинде бир жолу туулган күндү тостук. Жубайымдын туулган күнүндө өзүнөн чоң жумшак аюу белек кылгам. Кызыгы, жубайымды башкалар алып кетпесин деп тез эле үйлөнүп алгам, эгер үйлөнбөй калганда туулган күнүндө берген ак аюуну сурамакмын", - дейт Актилек Айдаров.
"Алгач Инстаграмдан жазганда мен эжеме айткам. Ушундай жазып жатат десем жооп бербе, сүйлөшпө чыгармачыл адамдар сүйлөшүп жүрүп жок болуп кетет деген. Мен ошого жазбай жүргөм, бирок 2 күндөн кийин кайра өзүм жазгам", - дейт жубайы Зыягүл Боронова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: