super.kg logo

Ысык-Көлдө чехиялык туристтердин документтери жана акчасы салынган рюкзагы табылды

 

Ысык-Көлдө ӨКМнын жана милициянын кызматкерлери чехиялык туристтердин документтери салынган рюкзагын таап беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-август күнү Каракол ШИИБине Чехиянын жараны Петр Пидима кайрылып, Ак-Суу районунун Ала-Көл аймагына бара жатып, сүйлөшкөн кызы менен өтө кооптуу аскалуу аймакка туш болгонун билдирген. Жаралган көйгөйдөн улам жана өзүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн ал рюкзагын аскадан ыргытууга мажбур болгон. Андан кийин алар рюкзакты өз алдынча табууга аракет кылышып, бирок таба албай коюшкан. Туристтин айтымында, рюкзакта алардын чет мамлекеттик паспорттору, кредиттик карталары, акча каражаттары жана жеке буюмдары болгон.

Билдирүү боюнча, Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери кайрылган туристтер менен бирге жардан рюкзакты түшүргөн жерге барышкан. Мындан тышкары, ӨКМнын аймактык куткаруучулары жардамга тартылып, алар 2 саатка созулган издөө иштеринин жүрүшүндө аскалуу тоо кыркасынын жетүүгө кыйын жеринен рюкзакты таап, ээлерине кайтарып беришти.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: