super.kg logo

Жалал-Абадда "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды

 

Жалал-Абад шаарындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын калкты тейлөө борборунун кызматкери, 1981-жылы туулган С.Б.Б. кыргыз паспортун мыйзамсыз берүү, пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

"Ал жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторун мыйзамсыз берип, кийинчерээк аларды чет жакка алып чыгуу үчүн 1000 сомдон 15 миң сомго чейин акча алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

Ошондой эле ортомчулардын жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга баланын ата-энесинин биринин (улуту өзбек) атынан жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: