Бишкекте "Тазалык" ишканасынын белгиси түшүрүлгөн урналар коюлат (сүрөт)




Бишкекте "Тазалык" ишканасынын белгиси түшүрүлгөн жаңы урналар коюлат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, Иса Ахунбаев көчөсүнө (Манас кең көчөсүнөн Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин) жаңы таштанды челектери орнотулат.
"Биринчи этапта 40 урна жасалган. Алар 25-августта жогоруда айтылган көчөнү бойлой орнотулат. Келечекте жөнөкөй урналарды акырындык менен заманбап жана ыңгайлууларына алмаштыруу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Анда маалымдалгандай, бул идея "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине таандык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.