super.kg logo

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбей тээп салган жаранга 7500 сом айып салынды (видео)

 

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, каршылык көрсөткөн айдоочуга 7500 сом айып салынып, өзү милиция бөлүмүнө жеткирилди. Автоунаасы төлөнбөгөн айып пулдары үчүн айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда болжол менен саат 13:30 чамасында Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей качкандыктан артынан кууп, Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен кысып токтотушкан.

Ошол учурда да унаанын 1994-жылы туулган Г.Н. аттуу айдоочусу кызматкерлерге карата каршылык көрсөтүп, бир-эки жолу тээп да салган.

Бирок жыйынтыгында айдоочуга карата баш ийбегендиги жана качуу учурунда жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 протокол толтурулуп, жалпысынан 7500 сом айып салынган. Ошондой эле унаасы айып короо жайына токтотулган.

Ал эми кызматкерлерге карата каршылык көрсөткөндүгү үчүн тийиштүү чара көрүү максатында Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.






Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбеген жаранга 7500 сом айып салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: