super.kg logo

Кечээ, 4-декабрда “До+Фа” тасмасынын экинчи бөлүгүнүн бет ачары болуп өттү (фоторепортаж)

 
Уюштуруучу топ конокторду 19:00гө чакырып, эрте эле кызыл килем төшөп коюптур.
Тасманын продюссери Эрнис Үмөталиев "Д+Фа" тасмасынын экинчи бөлүгү аз убакыттын ичинде тартылганын айтып өттү.
Тасманын баш каармандары Чолпонай менен Самат күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатышты.
Тасманын башка каармандары Чолпонай менен Самат күйөрмандары менен сүрөткө түшүп жатты.
Коноктордун арасында ырчы Айжан Газиева да болду.
Жаш ырчы Малика-Дина тасманы көрүүгө апасы Динара Акулова менен келди.
Эл тасма көрүү үчүн залга кирди. Бирок, техникалык себептерден улам тасма дароо баштала койгон жок.
Тасмага бир катар атактуулар келишти.
Ырчы Омар жана Анжелика жолдошу менен алдыңкы катардан орун алышты.
Ырчы Динара Акулова кызы Малика-Дина менен.
Тасманын кечигүүсүн көпчүлүк түшүнүүгө аракеттенип жатты. Чакырылгандардын ичинен кетип калгандар да болду. Ал эми ырчылар Арсен менен Самат Дөөлөтбаков ал ортодо сүрөткө түшүп, убакыт өткөрүп жатышат.
Фарида+Доорон:) Тасманын баш каармандары Самат Эркинбек уулу менен ырчы Чолпонай.
Болжонгон убакыттан 2 саат өткөн соң тасма көрсөтүлө баштады. "До+Фа-2" тасмасынын бул бөлүгү Доорон менен Фариданын үйлөнүү тою менен аяктайт.
Тасмага чыгармачыл чөйрөдөгү атактуулардан Эрмек Нурбаев, Урмат Үсөнов жана Акбар Сүйүмбаев жубайлары менен келишти.
Ырчы Нурмат Садыров жана "Тамашоунун" жигиттери күйөрмандары менен.
"Тамашоу" долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев жана тасмада роль жараткан "Ак-Өргө сity" командасынын өкүлдөрү.

Кечээ, 4-декабрда “Космопаркта” “До+Фа” тасмасынын экинчи бөлүгүнүн бет ачары болду. Ага тасманын жаратуучулары, катышуучулары жана конок катары бир катар атактуулар чакырылган.

Тасманын ачылышы саат 19:00гө белгиленген эле. Бирок коноктордун кечигүүсү жана техникалык маселелерден улам тасма 21:00дөн өтүп көрсөтүлө баштады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: