super.kg logo

Орусиядагы жол кырсыгы: Жубайлардын бири каза болуп, экинчиси оор абалда ооруканада

 

Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгында каза болгон 23 жаштагы Диана Бекмурзаева Орусияга бир жарым жыл мурун кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын таякеси Улукбек Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, Диана Бекмурзаева Ноокат районуна караштуу Төлөс айыл аймагынын Муркут айылынын тургуну. Ал жол кырсыгына жолдошу экөө кабылган. Диананын жолдошу учурда оор абалда ооруканада жатат.

"Диана турмушка чыккан, эки жаштагы бир кызы бар. Анын сөөгүн кечээ, 23-август күнү алып келишти, саат 22:00 чамасында жерге берилди. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу. Ата-энеси, бир туугандары бар, алардын ар бири өзүнчө үй-бүлөлүү. Диана таята, таенесинин колунда өскөн. Жолдошу да кырсык болгон күнү жанында эле, ал азыр оор абалда ооруканада жатат. Жол кырсыгынан соң ооруканага жаткырылган үч Кыргыз жарандарынын бири биздин күйөө бала - ал 29 жашта, карындашым 23 жашта эле.

Алардын кызы учурда таятасынын жанында. Кечээ күнү өкмөт тарабынан 300 миң сом берилди. Мал-жандыктар союлган жок.

Диана өтө жакшы кыз эле. Кыйынчылыкты көп көргөн. Ошто медициналык окуу жайды аяктаган соң турмушка чыгып, бир кыздуу болгон. Кызын кайнене, кайнатасына таштап, жолдошу экөө үй салабыз деп бир жарым жыл мурун Москва шаарына иштегени кетишкен. Бир жарым жыл аралыгында экөө жерине пайдубал тургузуп коюшкан.

Күйөө балабыздын жанында болуп аны караганы бир тууган агасы бүгүн Орусияга учуп кетти. Оор акыбалда болгондуктан жанында бир адам болушу керек экен", - деди ал.

Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.

Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алынып келинген. Алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: