super.kg logo

Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды (сүрөт)

 

Бишкектин аймагынан ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды. ИИМден билдиргендей, 1-июнда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен З.Э. аттуу жаран кармалган. Анын барсеткасынан 95 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражат табылган.

Андан аркы кармалган жарандын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. Натыйжада бөлмөлөрдүн биринде баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталып, химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар (суюктук, тараза, идиштер, респиратор жана башкалар) табылган. Андан сырткары, кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражатты катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген.

Табылып алынган «Альфа-ПВП» психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1500000 сомдон ашык суммага бааланган. Ошондой эле өзгөчө кескин жыты бар күрөң түстөгү каражат салынган 6 канистр табылды.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, 2 канистрде суюктук түрүндөгү «Альфа-ПВП» психотроптук каражаты, ал эми 4 канистрде аларды даярдоо үчүн заттар болгон. Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: