super.kg logo

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 1-класска бара турган балдарга окуу куралдарын тапшырышты

 

Ысык-Көл райондук милициясынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн быйыл биринчи класска бара турган балдарына жаңы окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору жана ардагерлери үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө. Бул жолу окуу куралдары Ананьево айылындагы жети балага тапшырылды. Мектеп окуучуларынын белектери окууга керектүү бардык окуу куралдары менен жабдылган”,- деп айтылат маалыматта.

Саамалык жаңы окуу жылынын башталышынын алдында салтка айланган “Мектепке жол” кайрымдуулук акциясынын алкагында өттү. Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында өткөрүлөрү кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: