"Өзү музыкага кызыкчу, окуйм деп жүргөн". Ульяновскто жол кырсыгында каза болгон 26 жаштагы Нуртилекти агасы эскерди



Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгында каза болгон 26 жаштагы Нуртилек Арыстанбек уулу Орусияга бир жыл мурун кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын агасы Дүйшөбай Ормошов (ред.; атасынын агасы) билдирди.
Анын айтымында, Нуртилек Арыстанбек уулу Баткен облусунун Баткен районундагы Табылгы айылынын тургуну.
"Нуртилек үй-бүлөдө 6 бир тууган. Үч бала, үч кыз. Балдардын эң улуусу эле. Өзү музыкага кызыкчу, окуйм деп жүргөн. Бирок акчанын тартыштыгынан 10-классты бүткөндө эле иштейм деп кеткен. Акыркы жолу Кыргызстанга былтыр келди эле. Ага чейин келип, кетип жүрдү.
Атасы экөө тең Орусияда иштеп жүргөн. Нуртилек өзү жеткирүү кызматында иштечү. 4-сентябрда Кыргызстанга келишмек. "Кирди-чыкты" кылып келе коёюн деп кетип калган экен. Кырсыктын алдында атасы менен сүйлөшүптүр болчу. "Кирди-чыкты" кылдык, азыр чыгып жатабыз деп. Андан 1-2 саат өтпөй эле ушундай болуп калбадыбы.
Анын сөөгүн кечээ кечинде жерге бердик. Атасы да келди", - деди ал.
Маалымат үчүн: 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып, 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн.
Өлкө башчы Садыр Жапаров ТИМге, ӨКМга, “Манас” эл аралык аэропортуна каргашалуу жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырган. 23-август Кыргызстанда жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланган. Жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү Ошко алып келинген. Алардын жакындарына президенттин фондунан 300 миң сомдон кенемте берилет.
кошулду
видео

