Өлкөгө Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди




Казакстан Республикасынын премьер-министри Алихан Смаилов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Смаиловду "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Эске салсак, 25-26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.