super.kg logo

Акылбек Жапаров мигранттарды каттоонун санариптик технологияларын иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын белгиледи

 

Бүгүн, 26-август кунү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири форматтагы жыйынынын башталышында сөз сүйлөп, бир катар көйгөйлөр менен катар мигранттар үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү шарттарды жакшыртуу керектигин белгиледи.

"Эмгек ресурстары биздин экономикабызда маанилүү роль ойнойт, ошол эле учурда каттоо процедурасын кошкондо биздин өлкөлөрдө иштеген жарандарга эң ыңгайлуу шарттарды түзүшүбүз керек. Биздин жарандарга жумушка орношууга бирдей мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок аз сандагы айырмачылыктарга карабастан ишке ашпаган мүмкүнчүлүктөр бар.

Бюрократизмди жана кагаз жүгүртүүнү кыскартуу максатында, жумушчуларды ишке орношкон мамлекеттерде каттоонун санариптик технологияларын иш жүзүнө ашыруу, ошондой эле Союздук келишимдин жоболоруна ылайык медициналык жардамга жана камсыздандырууга толук камсыз кылуу зарыл.

Мүчө мамлекеттер тарабынан эмгек рыногунан бардык преференцияларды жана жеңилдиктерди алуу үчүн Бирликке мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин мыйзамдуу болушу жана эмгек ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттар түзүлүүгө тийиш. Ошону менен бирге эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү жаңы улуттук актылар Биримдик жөнүндө келишимдин бардык жоболорун эске алууга жана Биримдиктин эмгек миграциясы жаатындагы максаттарына жетүү үчүн коркунучтарды жаратпоого тийиш", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: