super.kg logo

Ырчы, актриса Сайра Момунбаева 58 жашка толду. Актрисанын жараткан образдарынан сүрөт баян

 

Бүгүн, 26-августта ырчы жана актриса Сайра Момунбаева 58 жашка толду.

Сайра Момунбаева 1964-жылы Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнө тапшырып, окуусун аяктаган соң Нарын музыкалык драма театрында иштеп калган. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окуп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрлук бөлүмүн бүтүргөн.

Сайра Момунбаева "Боз салкын", "Сүйүү, демек, азап тартуу", "Табылга", "Сагынбай манасчы" жана башка бир катар тасмаларга тартылган.

Боз салкын тасмасында кайнененин ролун аткарган.

"Сагымбай манасчы" тасмасына тартылуу учурунан алынган кадрлар.

Актриса көпчүлүккө маалым болгондой бир топ жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Учурда өзүнүн мода үйү бар. Ал кыргыздын улуттук кийимдерин замандын талабына жараша тигип, бир катар өлкөлөргө фестивалдарга катышып, ийгилик жаратып келүүдө.

26-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: