super.kg logo

Элчи Орусиядагы каргашалуу жол кырсыгынан жараат алган жарандардан кабар алды

 

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусундагы каргашалуу жол кырсыгынан жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандыктардан кабар алды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жооптуу дарыгерлер бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти. Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине президенттин фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды. Каза болгондордун жакындарына убактылуу турак жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилди”, - деп айтылат маалыматта.

21-август күнү Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Алардын ичинен 14ү Кыргыз жараны. Мындан тышкары дагы 3 Кыргыз жараны - эки эркек, бир аял киши ооруканага түшкөн. Каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга президенттик фонддон 300 миң сомдон акчалай жардам берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: