super.kg logo

Таласта аялын сабап өлтүрдү делген милиция кызматкери 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды

 

Аялын сабап өлтүргөн жол коопсуздук кызматкери 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2021-жылдын декабрь айында болгон.

Соттун 2022-жылдын 26-августундагы өкүмүнүн негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин "адам өлтүрүү" беренеси менен Ж.А.К күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Айыпталуучунун үй-мүлкү конфискацияланбаганы айтылат.

"Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленди. Жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 29-декабрынан баштап эсептелинди", - деп билдиришти облустук соттон.

Эске салсак, Талас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 29-декабрь күнү саат 10:40 чамасында "Тез жардам" кызматынан билдирүү келип түшкөн. Анда Талас шаарынын 1992-жылы туулган Э.Н. аттуу тургуну өз үйүндө каза болгондугу маалымдалган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып кароо жүргүзүп, келиндин денесинде көк ала тактар бар экендиги аныкталган. Бул факты 130-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары тергөө бөлүмүнө маркум келиндин 1988-жылы туулган Ж.А. аттуу күйөөсү кармалган.

Ал эми каза болгон келиндин күйөөсү милиция кызматында иштегени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: