Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы. Майрамга карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери сыйланды





Өлкө эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына карата Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Күжүрмөн даярдыкта жогорку жетишкендиктери үчүн, кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн ведомствонун Борбордук аппаратынын жана облустук башкармалыктарынын кызматкерлери министрликтин ар кандай алкыш баракчалары жана төш белгилери менен сыйланды", - деп жазылат маалыматта.
Сыйлыктарды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов тапшырып, бардык кызматкерлерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.